Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалдык мугалимдердин ыраазычылыгы

Биз чаткалдык 2 мугалим, кесиптештерибиздин 11 балдары жана Терек-Сай айылында жабыркаган мектептин 12 окуучусу менен “Арстанбап-Ата” турбазасына жана балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна эс алууга келип жаткадыгыбыз өтө кубанычтуу.

Ыйык Арстанбап-Ата аймагынын кооз жерлери жана меймандос эли менен тааныштык. Турбазада эс алуу үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр. Айрыкча балдарыбыз үчүн кызыктуу жана мазмундуу эс алуу күндөрү өтүп жатат. Борбордо ар түрдүү иш-чаралар, экскурсиялар жүргүзүлүп, аттракциондордо оюндар уюштурулууда.

Бир өзгөчөлүк областыбыздын ар түрдүү жерлеринен келишкен кесиптештер жана балдар менен таанышуу, тажрыйба  алмашуу, жаңы досторду күтүү жакшы самаалык десем жаңылышпайм.

2022-жылдын 28-июль күнү Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен келип кабар алгандыгы жана Терек-Сай  айылында жабыркаган мектептин окуучуларына өзгөчө көңүл буруп камкордук кылгындыгы бизди абдан кубандырды.

Алыскы чаткалдыктар үчүн өзгөчө көңүл буруп, камкордук кылып жатышкан кесиптик бирликтин Борбордук, областтык, райондук жетекчилерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

 

Маалыматты даярдаган: Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Матиш Исмаилов атындагы орто мектебинин тарых мугалими  Дувлатова Гулбайра Курманбековна