Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комтеттин төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылык

Жалал-Абад обкому жана областтык жаштар кеңеши 2022-жылдын 16-19-август күндөрү Базар-Коргон районундагы “Арстанбап-Ата” турбазасында “Билим берүү тармагындагы  реформаларды колдойбуз!” темасында семинар өткөрдү.

Мен семинардын катышуучусу катарында билим берүү тармагында башталган реформалар тууралуу жана кесиптик бирликтин Борбордук жана областтык комитеттери тарабынан директорлорду тандоо иш-чараларына жакындан көмөк берип жаткадыгы жөнүндөгү маалыматтарды угуп кубандым.

Семинардан, өзгөчө Ноокен районунун жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Уметов Уландын маалыматтарынан директорлордун тандоосуна талапкер жана жаш мугалим катары жакшы усулдук жардам алдым.

Борбордук комитеттин төрагасынын Кайрылуулары, социалдык тармактардагы реформалар тууралуу түшүндүрмөлөрү жаштарга дем берип, директорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга атандырды.

Семинарды уюштуруп жаткан кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловго, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиктерди каалаймын.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райкомунун жаштар кеңешинин  төрагасы Усенов Алберт