Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүчү уюумдарынын жылды жыйынтыктоо жыйыны болду.

2020-жылдын 11-декабрь күнү  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 А.Навои атындагы орто мектебинде  билим берүүчү уюумдарынын аткарган иштери, жетишкендиктери боюнча жылды  жыйынтыктоо жыйыны  өткөрүлдү. Иш-чарага  Базар-Коргон  райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы  профсоюз уюмунун  төрагасы  С. Жаркынбаев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, аппарат мүчөлөрү, усулчулар, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүүчү уюумдарынын  жетекчилери жана сыйлык ээлери катышты. Иш-чарада билим берүүчү уюмдарынын жетишкендиктери, алдыда кыла турган максаттар, олимпиада жыйынтыктары каралып,  билим берүү тармагына салым кошкон алдыӊкы мугалимдер, билим берүү кызматкерлери сыйланды. Райкомдун төрагасы  С. Жаркынбаев  педагогтордун  келечек муундарынын билимдүү болушуна жана Кыргызстандын керегине жараган инсандардын чыгышына салым кошуп келе жаткандыгын белгилеп, жетишкен ийгиликтери үчүн алдынкы    мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине Базар-Коргон райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  баштапкы  профсоюз уюмунун  “Ардак грамоталарын” тапшырды. Жетекчилер педагогтордун, билим берүү кызматкерлеринин эмгектери  зор экендигин белгилешип, куттукташып “көп жылдык үзүрлүү  эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон  салымдары”   үчүн мугалимдерди, билим берүү кызматкерлерин  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  “Ардак грамоталары”,  райондук билим билим берүү бөлүмүнүн  “Ардак грамоталары” менен сыйлады.

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов