Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин кезектеги жыйынтыктоочу Президиуму онлайн форматтагы болду

       2020-жылдын 10-декабрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин кезектеги Президиуму онлайн форматта өткөрүлдү. Азыркы учурдагы абалды  эске алуу менен кезектеги онлайн төмөнкүдөй   маселелер  каралды:

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин 2020-жылдагы аткарган иштери жөнүндө
  2. Пандемия учурундагы “Кесиптештерди колдойбуз”, “Боорукер”акцияларынын жыйынтыктары
  3. Билим берүү, илим кызматкерлеринин   укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун VII сьездинин чечимдерин турмушка ашырууда шаардык профсоюз уюмунун милдеттери жөнүндө.
  4. «2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында» онлайн фестивалдын шаардык турунун жыйынтыктары.
  5. Ар түрдүү маселелер.

2020-жыл ичиндеги Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитетинин алып барган иштери боюнча слайд менен коштолгон жылдык отчётту шаарком Э.Ж.Эгизалиева баяндады.

   2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында» онлайн фестивалдын шаардык турунун жыйынтыктары айтылып,активдүү катышкан мектеп жетекчилерине,ПУнун төрайымдарына шаарком тарабынан ыраазычылыктар айтылды.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева