Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК

2021-жылдын 16-январь күнү Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп мугалимдери үчүн Гүлжамал Шерипканова-Маклауд "Шотландия - Кыргызстан: башталгыч мектептердеги ар түрдүү деңгээлдеги балдарга сабак өтүү жана психо-эмоционалдык тараптан колдоо тажрыйбалары" темасында вебинар өттү. Бул иш-чарага мектеп директорлору, башталгыч класстардын мугалимдери, англис жана орус тили мугалимдери жана жаш адистер, Окуу-усулдук кабинеттин усулчулары катышты.

Гүлжамал Шерипканова-Маклауд-Борбордук Евразия университетин политология боюнча магистратурасын, Эдинбург университетин социалдык саясат боюнча бүтүргөн. Азыркы учурда Wellbeing Scotland да психолог-консультант болуп эмгектенет.

Материалды даярдаган:  Э.Ж.Эгизалиева