Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине семинар өткөрүлдү.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  райондук комитети менен биргеликте 2020-2021-окуу жылында жаңы билим берүү уюмдарына дайындалган директорлорго жана окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына “Окуутуунун, тарбиялоонун жаңы ыкмаларын пайдалануу–мезгил талабы”   деген темада  семинар  11-декабрь күнү өткөрүлдү.

Семинардын планы боюнча

  1. “Кызматташтык-мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүнө өбөлгө”
  2. “Натыйжалуу үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү”
  3. "Изденүү ийгиликтин жаратат" деген темада билим берүү уюмдарынын жетекчилерине райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери  слайд шоу менен көрсөтүп, түшүндүрүп беришти. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары, семинарды уюштурган билим берүү бөлүмүнө жана  райондук профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети