Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү тармагындагы реформаларды колдойбуз!

Кыргызстан Профсоюздары Федерациясынын жыйындар залында 2022-жылдын 5-августунда КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдойбуз!” темасында тегерек стол болуп, анда Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов, БКнын жооптуу кызматкерлери, облрайшааркомдордун төрагалары, укук жана эмекти коргоо боюнча техникалык инспекторлору катышышты.

Тегерек столду А.Токтогулов ачып, алдыда мугалимдердин эмгектерин жогорку деңгээлге көтөрүү менен билим жана тарбиянын сапатын жакшыртуунун уюштуруучулары болгон билим берүү уюмдарынын директорлорунун кадрдык потенциалын көтөрүүнүн жаңы системасын баштаган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-июлундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгы тууралуу, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан директорлорду конкурстук тандоо жана кадрдык резерв түзүүнүн Жобосу иштелип чыгып 2022-жылдын 26-июлунда №1484/1 буйрук менен бекитилгендиги жөнүндө айтып, кеңри маалымат берди.

Борбордук комитеттин аппарат башчысы, башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.Кадыркулов Жобо боюнча кеңри баяндама жасады.

Билим берүү тармагында башталган реформаларды аймактарда жүрүшү тууралуу Баткен, Жалал-Абад обкомдорунун төрагалары, Ош обкомунун жооптуу кызматкери, Ысык-Көл, Чүй ,Нарын областарынын координаторлору кыскача билдирүүлөрдү жасашты. Алар билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев баштаган реформаларды колдоп, ишке ашырууда салымдарын кошуу тууралуу белгилешти.

Тегерек столду Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов жыйынтыктады. Тегерек столдун катышуучулары башталган реформаларды колдоп, ишке ашырууда бардык кесиптик бирлик лидерлерин активдүү катышууга чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров