Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы

Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлеринин  32-спартакиадасынын райондук этабы Жазы аймагындагы А.Төрөгелдиев атындагы орто мектептин спорттук базасында өткөрүлдү. Спартакиаданын райондук этабына Жазы, Куршаб, Мырза-Аке  аймактарындагы аймактык мелдештерде  спорттун волейбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат  түрүнөн  I, II орундарды ээлеген командалар жана жеке оюнчулар катышты.  Мындан сырткары спорттун кичи футбол түрүнөн Өзгөн районундагы Жазы, Куршаб, Мырза-Аке  аймагындагы билим берүү кызматкерлеринен куралган мугалимдер курама командалары күч сынашты.

Билим берүү кызматкерлеринин 32-спартакиадасында спорттун 6 түрүнөн жеёишке жетишкен  командалар жана жеке оюнчулар Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин I, II, III даражадагы дипломдору, кубок жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин 32-спартакиадасына катышкан бардык командаларга жана жеке оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети