Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасы өткөрүлдү

Баткен областынын билим берүү кызматкерлеринин арасында дене  тарбия жана спорт оюндарын жандандыруу менен алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоого үндөө максатында  билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети, областтык усулдук билим берүү борбору жана областтык спорт башкармалыгы менен биргеликте 2022-жылдын 13-июнунда Баткен шаарында өткөрүлүүчү билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиаданын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Бөтөков, директору О.Эркебаев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов жана райшаардык профсоюз комитеттернинин төрагалары катышышты.

Мелдеш кичи спорттун футбол,волейбол, стол үстүндөгү тенис, стритбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнч өткөрүлүп, мелдешке район, шаарлардан жалпы 200 го жакын билим берүү кызматкерлери катышты.

Жыйынтыгында женүүчүлөр Ысык-Көл областында өтүүчү билим берүү кызматкерлеринин Республикалык спартакиадасына жолдомо алышты жана областтык комитеттин дипломдору жана акчалай сыйылктары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Областтык комитеттин адиси Гапарали у.Мансур