Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери жайкы эс алууда

Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери 2021-2022-окуу жылын ийгиликтүү аякташып, жайкы эс алуу жайларына барып эс алып келүүдө.

Мындай саамалык "Жайкы эс алуу - 2022" иш-чарасынын негизинде Базар-Коргон районунун мектеп мугалимдери үчүн Кыргызстандын эс алуучу жайларына уюштурулду.

Жаңгак токойлору, мөңгүдөн агып түшкөн тунук суулары жана таза абасы менен белгилүү болгон Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарында жайгашкан көптөгөн эс алуу жайларында дем алышып, жайкы эс алуулары жакшы өтүүдө.

Дем алуу жайларында жаратылыштын кооздугу жана таза абасы адамдын ички дүйнөсүн тазартат, жан-дүйнөсү эс алат жана күч кубат берет.       

Кесиптик бирлик мүчөлөрү дем алууга  барып, эс алып келүүгө колдоолор үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине ыраазычылыктарын билдиришип, жакшылыктарды  каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов