Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткендеги мугалимдер майрамы

 

Баткендеги мугалимдер майрамы

 

Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Баткен облустук музыкалык-драма театрында зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлдү. Салтанаттуу аземди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө чакырды.

 

Райондун акими  С.Калыков жана облустук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Бөтөков ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттукташты, алдыңкыларга Билим жана илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жана райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары тапшырылды.

 

Жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишип, билим берүү мекемелеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган 30 жаш мугалимге усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылып, раймамадминистрациянын жана райондук кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктары берилди.

 

Ардактуу эс алуудагы билим берүү ардагерлери С.Сейитмуратовдун, Ж.Рахманбердиевдин жана Бужун орто мектебинин директору А.Масалиевдин куттуктоолорун жана өз тажрыйбаларынан айтып берген кызыктуу баяндарын майрамдын катышуучулары кунт коюу менен угушту.

 

Салтанаттуу азем райондук балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучуларынын концерти жана айыл аймактарынын өкмөт башчылары уюштурган сый тамак менен улантылды.

 

 

 

                                               А. Жапарова

Билим берүү кызматкерлеринин

                                                        кесиптик бирлигинин Баткен райондук

                                                        комитетинин кызматкери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

            Улгайган мугалимдерге урмат-сый көрсөтүлдү

 

Баткен райондук тармактык кесиптик бирлик комитети жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган Улгайгандардын күнүнө арналган салтанатка  мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлери жана ардактуу эс алууда жүрүшсө дагы, жетишпеген мугалимдердин ордун толуктап мектептерде иштеп жатышкан агайлар жана эжейлер, райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчылары, Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдер катышышты.

 

Ардагерлерди раймамадминстрациянын башчысы – аким С.Калыков жана облмамадминистрациянын социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы А.Сейдакматовдор майрамдары менен куттукташып, чын ден соолук жана бакубат жашоо каалашты. Райондун аймагында улгайгандарга урмат сый көрсөтүүнүн бир айлыгы өтүп жаткандыгын белгилешти.

 

Сый тамактын үстүндө ардагерлер оор күндөрдөгү мектептердин жана мугалимдердин абалы жөнүндө эскеришип, азыр бир топ жакшыргандыгын жана мугалимдерди материалдык жана моралдык жактан колдоого мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын белгилешти. Ардагерлерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик уюмунун майрамдык белектери тапшырылды. Аземдин катышуучулары жаш таланттардын концертин  угушту.

 

Ардагерлер Шадыманов А, Сейитмуратов С, Рахманбердиев Ж жана башкалар улгайгандарга кам көрүп, майрам уюштургандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик уюмунун жетекчиликтерине терең ыраазылык билдиришти.

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.Жумаев ардагерлерге сый урмат көрсөтүү мындан ары дагы улантыла бере тургандыгын айтышып, ардагерлерди тез-тез мектептерде болушуп, жаш мугалимдерди кесиптик, усулдук жактан тарбиялоого көмөктөшүп турууга чакырышты.

 

 

 

                                               А. Жапарова

Билим берүү кызматкерлеринин

                                                        кесиптик бирлигинин Баткен райондук

                                                        комитетинин кызматкери

Мугалимдердин Баткен облустук майрамы

 

Баткен облусунун 231 жалпы билим берүүчү мектептеринде эмгектенишкен 8000 ге жакын мугалимдердин эң алдыңкы өкүлдөрү чакырылган билим берүү кызматкерлеринин облустук кесиптик майрамы Баткен шаарындагы облустук музыкалык драма театрында өткөрүлдү.Майрамды  Баткен мамлекеттик университетинин ректору, облустук билим берүү округунун башчысы Г.Матраимов  ачты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.П.Разаков куттуктоо сөз сүйлөп алдыңкы билим берүү кызматкерлерине облмамадминистрациянын  Ардак Грамотасын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Баткен областынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков мугалимдерди кесиптик майрамдары менен куттуктады жана тармактык кесиптик бирлик уюмдары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен тыгыз байланышта иштеп, социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүп, кызматкерлердин социалдык -экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо көп иштерди аткарып жатышкандыгын белгилөө менен алдыңкыларга Ардак Грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 

 Майрамдын катышуучулары Баткен музыкалык –драма театрынын чыгармачылык жамааты тарабынан тартууланган драматург Ч.Калыбекованын “Өктөөсү күчтүү өмүр” спектаклин көрүп, жагымдуу эс алышты.

Майрамдын кийинки бөлүгү шаардагы “Зымырат” ресторанында облмамадминистрациянын каражатына уюштурулган сый тамак үстүндө улантылып, музыкалык –драма театрынын чыгармачылык жамааты жана Кадамжай районундагы “Жошук” орто мектебинин чыгармачыл мугалимдери тартуулаган концерт чогулгандардын жарпын жазды.

Майрамдык салтанатка катышкан 170 билим берүү кызматкеринин ар бирине Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик облустук комитети тарабынан даярдалган баасы 500 сомдук белектер тапшырылды.

 

Билим беруу кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен райондук

комитетинин торагасы                                            Т.Жумаев