Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен районунда спартакиада болуп өттү

2022-жылдын 31-майында Баткен районунун билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында “Ден соолук” спартакиадасы  өткөрүлдү. Спартакиада спорттун эки түрү: волейбол жана шахмат боюнча өттү.

Спартакиаданын жобосуна ылайык айыл аймактарынан жеңүүчү болгон аялдардын жана эркектердин командалары райондук этапта күч сынашты.

Оюндун жүрүшү калыстар тарабынан бааланып жыйынтык төмөнкүдөй болду:

Волейбол боюнча:

Эркектер арасында:

1-орун: Дара айыл аймагынын З.Ормонов атындагы орто мектеби;

2-орун: Смаркандек айыл аймагынын С.Кожобаева атындагы Самаркандек жатак-гиназия мектеби;

3-орун: Төрт-Күл айыл аймагынын Токтогул атындагы орто мектеби;

Аялдар арасында:

1-орун: Кара-Булак айыл аймагынын З.Абдукаримов атындагы орто мектеби;

2-орун: Төрт-Күл айыл аймагынын Токтогул атындагы орто мектеби;

3-орун: Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер башталгыч мектеби.

Шахмат боюнча:

Эркектер арасында:

1-орун: Каримов Манас – Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими;

2-орун: М.Абдуллаев – М.Салихов атындагы орто мектебинин мугалими;

3-орун: Беркбаев Садиридин – Таш-Тумшук мектебинин мугалими.

Аялдар  арасында:

1-орун: Жакыпова Жумагүл – Ж.Момунов атындагы орто мектебинин мугалими;

2-орун: Ходжаева Жамила – Ш.Ганы атындагы  орто мектебинин мугалими;

3-орун: Зайилова Жумагүл – Ж.Байжигитов атындагы орто мектебинин мугалими.

Байгелүү орундарды ээлегендерге профсоюздун райондук комитетинин дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. 

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук кесиптик бирлик комитети