Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык бул жылы мугалимдердин эс алуусу жогорку денгээлде уюштурулду.

Жыл сайын мугалимдердин  эс алуусун жогорку дегээлде уюштуруу Ноокен райондук комитетинде жакшы жолго коюлган. Алардын катарында райондогу бала бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрайымдарынын эс алуусу 2022-жылдын 25-29-июль күндөрү Ысык-Көлдө уюштурулду.  Эс алууга барып келген каражат, жатакана, тамак-аш толук түрдө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан каржыланды. Бул эс алуу биз үчүн жаңы окуу жылына абдан зор дем, күч, стимул болду деп айтсам жаңылышпайм.

Биз үчүн көнүлдүү эс алууну уюштургандыгы үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго жана ушул билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин көп жылдардан бери кадыр-баркын, беделин түшүрбөй, жогорку денгээлде иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан агайыбыз Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: №22 “Гулкайыр” балдар бакчасынын профкому К.Машаева