Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баатыр кесиптештерибиз сыйланды

9-май - Жеңиш майрамына карата Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин иш планына ылайык Ноокен районунун билим берүү тармагында эмгектенген кесиптик бирликтин мүчөлөрү афган согушунун, Чернобыль  жана  Баткен  окуяларынын катышуучулары чакырылып, куттуктоо иш-чарасы болуп өттү.

Анда Чернобыль окуясынын катышуучулары Рахманжан атындагы №13 орто мектептин   директорунун милдетин аткаруучу Арапбаев Бакыт, Кочкор-Ата спорт  мектебинин машыктыруучусу Усманов  Алишер, афган согушунун катышуучусу Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектептин мугалими Мурзабаев Бактыбек, баткенчилер Рахманжан атындагы №13 орто мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Осмонов Токтосун, №29 Мирзаходжаев атындагы орто мектептин  АЧД  мугалими Чолпонов Хайдаралы, №34 “Жазгак” орто мектептин АЧД мугалими Мамадалиев Медербек, А.Казаков атындагы №19 орто мектептин мугалими Хусанов Кудратилла, Паяз атындагы №9орто мектептин мугалими Шадиев Абдивахап ж.б. чакырылды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси З.Усенов, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов аларды Жеңиш майрамы менен  куттуктап, кесиптик бирликтин атайын белектерин тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Бакиров, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору