Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардактуу ардагерлер «Ак батасын» беришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгына 2022-жылдын 12-июлунда кол койду.

Аталган Жарлык боюнча КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комиитетинин төрагасы А.Токтогуловдун кайрылуусун биз билим берүү тармагынын Ардактуу ардерлерлери 2022-жылдын 29-июлунда “Арастанбап-Ата” турбазасында кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкому тарабынан уюштурулган эс алуу мезгилинде уктук жана өз  пикирлерибизди билдирдик.

Биз ардагерлер билим берүү тармагында 50 жылдан ашык эмгектенип, катардагы мугалимден, директор, райБББнун адиси, кесиптик бирликтин кызматкери, төрагасы кызматтарда иштеп,  тармактагы көйгөйлүү, чечимин  күтүп жаткан маселелерди жакшы билебиз. Билим берүү тармагында реформалар башталып, акырына чыкпай жаткан. Жаңы министрибиз А.Бейшеналиев баштаган реформаларди толук колдойбуз!

Эгемендүүлүк жылдарында айлык акылар азыркыдай 2 эсеге көбөйгөн эмес. Президентибиз баш болуп, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө, мыйзамдуу иш аракеттер жасалууда. Анын бир мисалы катарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгы болуп саналат.

Аталган Жарлык боюнча КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комиитетинин төрагасы А.Токтогуловтун кайрылуусунда билим берүү тармагынын кызматкерлерине, ата-энелерге, коомчулукка жеткиликтүү жоопторду берди.

Биз ардегерлер, кесиптик бирлик уюмунун кызматкерлери, лидерлери башталган реформаларды ишке ашырууга салым  кошуубуз  ыйык милеттерибиз деп эсептейбиз. Аталган Жарлык  боюнча  коомчулукка маалымат жеткирүүгө аракет жасайлы, кесиптештер!

Билим берүү тармагында башталаган реформаларга “АК  ЖОЛ!” деп батабызды беребиз!

 

Маалыматты даярдаган: Ардактуу Арагерлердин атынан, Сузак районунун Ардагери Хакимов Латифжон Хожи