Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алай районундагы демилгечи топтун сунушу

 

Билим берүү  тармагындагы эмгектенген  кызматкерлердин учурдагы  финансылык кыйынчылыктарын  жоюу боюнча Алай районундагы демилгечи топтун

 

 

с у н у ш у

 

1.   Мугалимдердин  иш тажрыйбасына, иш стажына жана ишиндеги көрсөткүчтөрүнө жараша категория, разряд берүүнү          кайра практикалоо.

 

2.  Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерде эмгектенген кызматкерлерге  да 10% КТУнун акчасынан             бөлүү.

 

3.  Мугалимдер үчүн облустук, республикалык  сынактарга  министрликтин буйругу  менен барганда жоболорго  сапар           чыгымдарын төлөп  берүүнү сөзсүз киргизүү.

 

4.  КТУнун берилбей жаткан 10 % бөлүгүн оптимизациялоодон эмес,  республикалык бюджеттен төлөп берүү. Анткени          оптимизациянын эсебинен  мугалимдерге  эч нерсе төлөнбөй келүүдө.

 

5.  13 класс комплектиге жетпеген мектептердеги  китепканачылардын айлык акысын 1000 сомдон эмес,  2500 сомго             көтөрүү.

 

6.   Райондук билим берүү бөлүмдөрүнө усулчулардын штатын ачуу.

 

7.   Мектептерге аскерге чейинки даярдык, Манас жаштар уюумунун жетекчиси жана 11 класс комплектси  бар                         мектептерге  иш жүргүзүүчү (катчы) штат ачуу.

 

8.   Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү үчүн  курстарга барган учурдагы  сапар  чыгымдарын республикалык                   бюджеттен төлөп берүү.

 

9.   Товарлардын жана  ар түрдүү кызмат көрсөтүлөрдүн өскөндүгүнө жана инфляцияга байланыштуу эмгек акы мыйзам        боюнча ар жылы индексация  болуп турсун.

 

10.  Билим берүү кызматкерлери үчүн  өзүнчө эс алуу, дарылануу жайларын ачуу.

 

 

Алай районундагы  демилгечи топ.