Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда август кеңешмеси болуп өттү

2022-жылдын  26-августунда Аксы райондук маданият үйүндө мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеге КР ЖК депутаты Нурланбек Шакиев, райондун акими Замирбек Сыдыков, райондук БББ нин башчысы Осмоналы Нурманбетов жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдер катышты.

КР ЖК депутаты Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлеринин коомго кошкон салымын баса белгилеп, жалпы кызматкерлерди майрамы менен куттуктады.

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жаңы окуу жылына карата жакшы даярдык көргөн билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана алдыңкы педагогторду Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов өткөн окуу жылынын жыйынтыгына жана жаңы окуу жылынын милдеттерине токтолду. Жыл жыйынтыгы менен көрсөткүч берген уюмдарды жана кызматкерлерди сыйлоо менен кызуу куттуктады.

Аксы райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан акчалай сыйлыктар “Ардак грамоталар” берилип, ардактуу эс алууда жүргөн мугалимдерге  жыйындын акырында сый тамак уюштурулуп, белектер берилди.

 

Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору  Н.Сатылганов