Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы райондук билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусу

Аксы райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги Борбордук комитет тарабынан балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн  жолдомолорго билим берүү кызматкерлеринин балдарын эс алууга жөнөттү.

Натыйжада 59 бала “Сары-Челек” турбазасынын балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда 15-июлдан 25-июлга чейин эс алышты. Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы С. Камчыбеков жана тийиштүү кызматкерлер эс алуу жайынын шарттары менен таанышып, балдардын коопсуздугу боюнча иш алып барууну талкуу кылышты. Эс алуу учурунда  балдар үчүн  сүрөт тартуу, сармерден, ыр-бий жана башка конкурстар, оюндар  уюштурулду жана Сары-Челек көлүнө саякат жасашты. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Мугалимдер кесиптик бирликтин Борбордук комитетине жана облрайшаркомдорунун төрагаларына ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: укук жана эмгекти коргоо инспектору Н.Сатылганов