Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

80 ЖАШ КУТМАН КУРАГЫҢЫЗ КУТ БОЛСУН!

Эмгегинен баар тапкан,  ак дилдүү, чынчылдыгы менен элине жаккан кеменгерлүү устатыбыз Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович сиздин бүгүнкү 80 жаш кутман курагыңыз менен чын дилимден куттуктаймын!  Сиздин  өмүр жолуңуз  жана эмгек тажрыйбаңыз жалпы артыңыздагы муунга, жаштарга үлгү жана баа  жеткис мурас болуп саналат. Кыргыз элинде сиз сыяктуу инсандын бар экени  жаркын келечекке үмүт байлап, куунак жашоого кубаттап келет. 80 жылдык өмүрүңүздө көптөгөн көрүнүктүү иштерди аткарып, татыктуу жашоо кечирдиңиз. Мындан аркы жашооңузга да бакут жана бейпил өмүр каалайм.  Калк ичинде кадыр-баркыңыз жогорулап, ар дайым сый үстүндө болуп жүрө беришиңизге тилектешмин.

ЭЛЕТ УУЛУНАН, ЭЛ УУЛУНА АЙЛАНГАН...

       Өрнөктүү өмүр кечирүү дээрлик баарыбыздын колубуздан келе бербейт. Дүйнөнү дүңгүрөткөн ааламдын алдыңкыларына такай саресеп салып карасак, омоктуу эмгек, орошон тарыхка бай экендигине ынанабыз. Бүгүн биз сөз кыла турган инсан акылмандыгы, билгичтиги, көрөгөчтүгү менен айырмаланган, мыкты уюштургуч жетекчи катары таанылган, эмгеги элге сиңген, сыймыктуу устатыбыз Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович жөнүндө болмокчу. Агайыбыз кадимки элет уулунан эл уулуна айланган, көөдөндөгү көксөөлөрүн туя билип, далай максаттардын куржунун толтура алган инсан. Эл уулунун эл таануусун, таалим – тарбиялык тажрыйбасы коомдун ургалдуу өзгөрүп, улам унификацияланып бараткан доорго тамыры тереңге сиңген  баалуулуктарын, татыктуу табериктерин терең аңдап билген жана ар дайым жаңычыл ойлорго, инновациялык иш аракеттерге бай болгон каарманыбыздын илимдеги изги жолдору  кенен экендигин аныктайт. Ага жөнөкөй окутуучулук кызматтан ЖОЖдун проректору, ректору, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты жана  Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын академиги кызматына чейин кенен кадам койгондугу кашкайган далил болуп саналат. Ар бир кызмат ордунда орчундуу иштерди аткарып, коомдук, мамлекеттик ишти артык көрүп, ага ак пейил, жан дили менен берилип, бүткүл энергиясын арнап кызмат кылган. 300 дөн ашуун илимий эмгектин, бир канча окуу китептердин жана билим берүү, маданият, экономика, саясат тууралуу макалалардын автору катарында гуманист окумуштуу экенин далилдей алды. Өзгөчө жетекчилик мүнөзгө ээ болуп, ары кооптуу, ары жооптуу кызматтарда көптөгөн эмгектерди жүзөгө ашырды. Аалымдык акыл-парасаты таасын инсан болгондуктан айткан сөзү менен кылган иши төп келип, идеалдуу адам образын жарата алды. Андыктан мен, агайды чынчыл убаданын жана реалдуу иштин адамы деп эсептээр элем. Арийне, учурда коом дал ушундай адамдарга аябай муктаж болууда. Ошондуктан дээринде деми бар, жүрөгүндө жалыны бар, элим деп күйгөн мекенчил атуулдарды өз учурунда баалап жана колдой билишибиз абзел. Биз сөз кылган инсандын өз элине болгон  сезими күчтүү болуп,  жаштарды да өз мекенин сүйүүгө, Ата Журт алдында ар дайым ак кызмат өтөөгө үндөп келет.

                            Каарманыбыздын  окуу китептерине, макалаларына кайрылсак андан таасири күч, таамай айтылган ой-пикирлерине тушугасың жана алар агайдын өзгөчө көңүл чордонунда мугалим деген түшүнүктүн өтө кенен жайгашканын айгинелейт.  Мугалимдер үчүн жандалбас уруп, күйүп-бышканы ошол учурдун да, азыркы учурдун да муктаждыгын канааттандырат. Анткени арабызда мугалим деген статустун деңгээли бир аз төмөндөп баратканда, чынында дем-күч берип турган Бектемир Мурзубраимовдой  адамдарга алкышты аянбай туруп айтабыз. Мугалим үчүн сан жылдык санааркаган ойлорунда дымактуу көйгөйлөр жана ой толгоолор жатат. Бүткүл өмүрүн мугалимдик кесипке арнап койгон аалымдын терең мазмунга, маанилүү ойлорго, маселени чечүүнүн жолдорун көрсөткөн түркүн сунуштарга бай болгон “Мугалим - мөмөлүү дарак” китеби жеке менин дараметимде өтө чоң таасир калтырды. Дал ушул китеби аркылуу мен агайдын инсандык нарк-насилинин, максат мүдөөлөрүнүн жана руханий азыгынын мол экенин түшүндүм. Күнү-түнү күйпөлөктөп мугалимдин көйгөйлөрүн чечүүгө жол издеп, аны сунуштап гана тим болбостон, ишке ашырууга да болгон күч-аракетин жумшаганы жүрөк жылытат жана мугалимдик кесипти сүйүүгө аны кастарлоого чакырат. Деги эле академиктин жасаган эмгектерине кылчая карап, чыныгы кыргыз атуулунун, мекенчил адамдын жаркын образын көрүүгө болот. Билим көрөңгөсү көп болсо да, билимге болгон чаңкоосун кандырбай дайыма изденүүнүн үстүндө  болуп, ийгилик жаратып, изги каалоо-тилектеринин таасири менен татыктуу өмүр сүргөнү даана көрүнүп турат. Көпчүлүктүн арасында күндө аткан таң менен баткан күндөй билинбей күн кечирип жүргөндөр ого эле арбын. Бирок, Бектемир агайдай инсандар карасаң кашкая көзгө урунаары талашсыз. Ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү да, чөйрөсү да бири-бирине дал келген, билгичтиги, адамгерчилиги, жоопкерчилиги, тактыгы жана кең пейилдиги менен артындагы муунга опол тоодой өрнөк боло алат. Андыктан 80 жылдык өмүр текке кетпептир. Устатыбыз илим жолунда, эл арасында, дегеле бул дүйнөгө из калтыра турган инсандардын катарын толуктап,өтөгөн иштери, адилет ак сөзү менен  мугалимдер үчүн нагыз үлгү болуп кала берет.

ОГПИнин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович