Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

6-съездин чечимдери турмушка!

            2015-жылдын  10-12-сентябрь күндөрү Ноокен  районунун   баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  төрагаларынын  райондук  семинарлары  “Билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин      6-съездинин  чечимдерин  турмушка  ашыруу –негизги  милдет”  темасында өткөрүлдү. Семинарлар 3-тайпага бөлүнүп №44 Акчабаев атындагы орто  мектебинин, №3 Алибаев атындагы орто мектебинин, №2 “Ак -Куу”  бакчаларынын базасында уюштурулуп, Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун 6-съездинин материалдары жөнүндө съездин делегаты райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов фотоотчеттук  материалдар менен маалымат берип, алдыдагы милдеттерге токтолду.                                                                                  

                 Семинарда №9,№31,№28,№18 мектептердин,№1,№22 бакчалардын төрагалары отчеттук чогулуштарды өткөрүү боюнча усулдук  материалдарды иш  тажрыйбаларын  негизинде слайддар менен беришти.  

            Жаңы айлык  акылар жөнүндө райондук борборлоштурулган бухгалтериянын башкы бухгалтери З.Осмонова, экономисти Г.Бекбаева, бухгалтер Н. Абдиназаровтор Борбодук Комитеттин бөлум башчысы  Л.П.Олимпиева тарабынан даярдалган усулдук материалдар менен тааныштырып, суроолорго жооптор берилди.

         Жалал-Абад облустук комитет тарабынан Арстанбапта өткөрүлгөн облустук семинардын материалдары менен К.Нышанов, Г.Султановалар тааныштырып, толук маалыматтарды кейинки райондук семинарларда берилишин билдиришти.

       Райондук комтеттин укук  жана эмгекти коргоо  боюнча инспектору А.Айдаров этика жана эмгекти коргоо  боюнча туруктуу комиссиялардын ишин  уюштуруу жөнүндөгү  материалдарды берип, “Жылдын мыкты  профсоюздук уюму  жана  төрагасы-2015” кароосунун уюштуруулушу боюнча маалыматтарды  берди.  

       Райондук комитеттин төрагасы К. Нышанов  2014-2015 окуу жылында жамааттардын ортосунда  уюштурулган мелдештин  жыйынтыктары менен тааныштырып, жаңы 2015-2016-окуу жылына карата мелдешти уюштуруу тууралуу милдетерди белгилеп семинарды жыйынтыктады.

 

 

 

Ноокен  райондук  билим  берүү  болүмүнүн прес-катчысы : Барно Абдурахманова