Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү

Билим жана илим кызматкерлеринин  Жети—Өгүз райондук кесиптик бирлик комитети 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк  эмгекти коргоо күнүнө карата  “Эмгекти коргоо процессинде адамдын коопсуздугун, ден соолугун сактоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу  чаралардын системасы” деген темада  семинар өткөрдү.

Семинарга  Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев ,  райондогу мектеп, мектепке чейинки  жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага,төрайымдары катышты.

Семинарда  билим берүү кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Ө.Молдокматов  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы  Султанбаев Абдыкадыр Дардановичтин 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата кайрылуусу   жана Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  жана  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ортосундагы 2024-2026-жылдарга    макулдашуу тааныштырылды. Макулдашуу  социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негизги багыттарын  жана 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык саясаттын  жалпы принциптерин белгилей турганы айтылып, анын негизги багыттары тууралуу  материалдар көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин      ишмердүүлүгүн 2024-2029-жылдарга өнүктүрүү программасында белгиленген  билим берүү кызматкерлеринин жана билим алуучулардын социалдык-эмгектик укуктарын жана кесиптик кызыкчылыктарын, социалдык укуктарын түшүндүрүү жана эмгегин  коргоо, аны ишке ашырууда  көмөк көрсөтүү багытындагы иш-аракеттер тааныштырылды.

Семинардын жүрүшүндө   билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын,эмгекти  коргоо жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мектеп, бала бакчалардын  жетекчилери, баштапкы кесиптки бирлик уюмунун, айыл өкмөтүнүн ортосундагы  3 тараптуу келишимдер боюнча  аткарылып жаткан иштер  жана  Жети-Ɵгүз райондук мамлекеттик администрациясынын, Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин Жети-Ɵгүз райондук профсоюз комитетинин жана Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн ортосундагы 2024-2027-жылдарга карата жамааттык келишимдин долбоору талкууланды.

Жети-Өгуз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев социалдык өнөктөш катары билим берүү, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети менен бирдикте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип, жамааттык келишимдерди түзүү боюнча алдыга коюлган максаттар, милдеттерди белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети