Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү!

“Балдар - жердин жандуу гүлдөрү” - деп  жөн жеринен айтылбаса керек. Бүгүн эртелеп мотурайып кооз кийинишкен жаш балдар шаардагы Токтогул атындагы  эс алуу багынын аянтчасында сүрөт тартып жатышыптыр. Бул көрүнүш жыл сайын 1-июнь күнү да кайталанат. Баланын көнүлү гүл, өзү да гүл! Аларды караган сайын сүйкүмдүу сезимдерге тартыласың... Балдарга камкордук көрүү демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Мына бүгүн да 1-июнь – бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү!

Б.Осмоноов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жыл сайын балдар мекемелерин көңүл буруп, кайрымдуулук иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

ЖАМУнун кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча жетекчилиги менен биргеликте түзүлгөн топ менен  Ноокен районундагы  Жумабек Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин тарбиялануучулары менен жолугушуп, балдарды майрамы менен куттуктап , жалпы суммасы 66070 сом каржылык колдоо көрсөтүп келди. Жолугушууда ЖАМУга окууга  тапшыруунун мүмкүнчүлүктөрү, келишимдик негизде окуучу студенттерге окуу акысы боюнча жеңилдиктер тууралуу маалыматтар берилип, бүтүрүүчү класстардын окуучуларын кесиптик орто жана жогорку билим алууга чакырып, жакындан баарлашуу болду.

Мектептин директору Э.Абдурахманов өз сөзүндө учурда 152 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуга 22 мугалим, 22 тарбиячы, 1 психолог, 1 логопед, 4 медайым жана 24 кенже көмөк көрсөтүүчү кызматкерлер билим тарбия берип, ден соолугун  көзөмөлдөп, тамак-ашын даярдап, күндөлүк жашоосуна, кийим-кечесине кам көрүп келе жаткандыгын белгиледи. ЖАМУнун өлкөбүздөгү алдыңкы окуу жайлардын катарында болуусун каалап, кызматташууга даяр экендигин айтып, окуу жайдын жетекчилигине, кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетине терең ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова