Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жетиштүү колдоолор көрсөтүлдү

Жетиштүү колдоолор көрсөтүлдү

Билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитети коронавирус пандемиясы башталган күндөн бери райондун билим тармагынын кызматкерлерине материалдык да, моралдык да колдоолорду көрсөтүп келүүдө. Алгачкы учурда райондук билим берүү бөлүмү жана мектеп директорлору менен макулдашуунун натыйжасында райондун бардык мектептерине жана бала бакчаларына 35 миӊ сомго жетиштүү сандагы бет каптарды, антисептиктерди сатып алынып таркатылып берилген.

Ушул жардам менен эле чектелип калбастан аз камсыз болгон, көп балалуу мугалимдердин, техкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө баштапкы профсоюз уюмдарынын сунуштарынын негизинде 72 миӊ сомго азык-түлүк жана акчалай колдоолор көрсөтүлдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жана РК профсоюздун төрагасы Э.Садабаев билим берүү мекемелеринде такай болушуп, кээ бир көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү үчүн ата-энелер менен тыкыс байланышты уюштурууга жардамдарды беришти. Натыйжада Ак-Суу райондук профсоюз комитети пандемия учурунда билим тармагынын кызматкерлерине 1-июнга чейин жалпысынан 107 миӊ сомдук колдоолорду көрсөтүүгө жетишти. Жибек Жунушева, Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.