Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жер титирөөдөн жабыр тарткан Алайлык билим берүү кызматкерлерине жардам

2016-жылдын 16-февралында Билим берүү,  илим  кызматкерлеринин  профсоюздарынын  республикалык  Борбордук комитетинин  төрагасы  Токтогулов Асылбек  Токтогулович,  Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин  Ош областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы  Тойгонбаев  Сабыр  Абдубаповичтер  Алай  районуна келишип, жер  титирөөдөн жабыр тарткан  мугалимдерге , тарбиячыларга  жана  техникалык  кызматкерлерге  жардам беришип,  көңүлдөрүн  көтөрүп  жолугушуп кайтышты.

Асылбек  Токтогуловичтин  жетекчилигиндеги  сапар  алгач  Гүлчө  айыл  өкмөтүнө  караштуу  №6 Б.Аданбаева  атындагы  орто  мектебинин  окуу  имаратынын  абалы  менен  таанышып, жамаат  менен  жолугушуп  жана  жабыр  тарткан  5 билим  берүү  кызматкерлерине  акчалай  жардам  беришти.

Андан  кийин,  Жошолу  айыл  өкмөтүндөгү  №22 С.Төрөшов  атындагы  орто  мектебинин  жер  титирөөдөн  жабыр  тарткан  окуу  корпусун  көрүп  чыгып, жамааты  менен  жолукту.  Бул  мектепте да зонадан  жабыр  тарткан  9 билим  берүү  кызматкерлерине  акчалай  жардам  берилди.

Билим берүү, илим кызматкерлеринин республикалык Борбордук  профсоюз  комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович Алай райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким Ташкулов Ильяз Акжигитович,  райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Зикиров  Максатбек Пирмаматовичтер менен дажолугушуп, билим берүү кызматкерлерине көрүлүп жаткан камкордуктар, алдыдагы милдеттер боюнча жана  социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгы Гүлчө айыл өкмөтүндөгү №8 Т.Сопиев атындагы лицей мектебинин актовый залында өткөрүлүп, ага райондогу билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары жана профсоюз кызматкерлеринин активистери катышышты.

Жыйында Асылбек Токтогулович билим берүү, илим кызматкерлеринин республикалык Борбордук профсоюз комитетинин жүргүзүп жаткан иштери,  социалдык өнөктөштүктү жүргүзүүдөгү милдеттер жөнүндө кеңири токтолуп сөз сүйлөдү. Ошондой эле профсоюз мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип, жакындан пикир алышты.

№8 Т.Сопиев атындагы лицей мектебинде да жер титирөөдөн жабыр тарткан 48 профсоюз мүчөлөрүнө да жардамдар тапшырылды.

Жалпысынан 24 төртүнчү категориядагы, 38 үчүнчү  категориядагы  жабыр  тарткан  62 профсоюз  мүчөлөрүнө  акчалай  жардам  берип, колдоо  көрсөттү.

Асылбек Токтогуловичти жана Сабыр Абдубаповичти Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.А.Жээнбеков, билим берүү кызматкерлеринин Алай  райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдор коштоп жүрүү менен ыразычылыктарын билдиришти.