Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жардам көрсөтүлдү

2016-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов иш сапары менен Өзгөн районунда болду. Алгач Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу А.Таӊатаров атындагы интернат-гимназиясында болуп, жер титирөөдөн жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам көрсөттү. Ошондой эле жер титирөөдөн жабыр тарткан кызматкерлер менен баарлашып, алардын көӊүлдөрүн көтөрүп жакшылыктарды тиледи.

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов Өзгөн районунун профсоюз активтери менен жолугушту. Жолугушууда Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан алып барылып жаткан иштерге токтолуп, профсоюз  активтерине кеӊири маалымат берди. Андан соӊ жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып профсоюз активтери өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алды.

 

Өзгөн району