Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жардам көрсөтүлдү

Палванов Осо атындагы №51 орто мектебинин мугалими Гулмира Акназарова бутунан жаракат алып, дарыланууда. Ушундан улам жардамга муктаж болуп жаткандыгын билдирип, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине кайрылган. Анын өтүнүчү канааттандырылып, дарылануу үчүн акчалай жардам көрсөтүлдү.

Кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, жооптуу кызматкери К.Асыранкулов, баштапкы кесиптик уюмдун төрайымы Р.Калимбетова, райондук кесиптик бирлик комитетинин жаштар кеңешинин төрагасы, айылдык депутат А.Усеновдор Г.Акназаровага ден-соолук жана ийгиликтерди каалап, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети дайыма өзүнүн мүчөлөрүн колдоп келээрин белгилешип, материалдык жардамды тапшырды.

Г.Акназарова жардамы үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К. Асыранкулов