Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жардам көрсөтүлдү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика факультетинин 2-курсунун студенти Жоломанова Нургүль Биймурзаевна бир тууган эжелери менен профсоюздун Борбордук комитетине келишип, атасы, апасы экөө тең бир учурда авто кырсыктан 2020-жылдын сентябрь айында каза болушуп, ата-энесинин жардамынан айрылып, тоголок жетим калышкандыгын жана 38000 сом жылыга төлөнүүчү контрагын төлөөгө эч кимиси жок экендигин айтышып,  сиңдисинин КУУ окуу контрагын төлөөгө жеңилдиктерди карап берүүгө  жардам сурап келишкен. Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун тапшырмасы менен Борбордук комитеттин башкы укук инспектору Б.Кадыркулов Н.Жоломанованын окуу контрагын мыйзамда көрсөтүлгөн нормага ылайык 100% өлчөмдө жеңилдик берүү жагын чечип берүүнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окуу контрактарга жеңилдиктерди кароо боюнча комиссиянын төрагасы, КУУ проректору Т. Суранаевга жана комиссиянын орун басары, КУУ профкомунун төрагасы К.Жумабековго тапшырылып, алар контрагын төлөөдөн бошотулаарына убада беришти.