Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жалал-Абад обкому “Кесиптештерге жардам” акциясын Аксы райондорунда өткөрдү.

Жалал-Абад обкому “Кесиптештерге жардам” акциясын Аксы райондорунда өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичтын демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Кесиптештерге жардам” акциясын Жалал-Абад обкому тарабынан Аксы райондорунда 2020-жылдын 18-май күнү өткөрдү.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович аппарат кызматкерлери менен Аксы райондорунда болушуп, райБББ башчысы Эмилбек уулу Талант жана райкомдун төрагасы Камчыбеков Сагын,профсоюз мучолору менен жолугушуп, алар менен баарлашты. Райкомдордун сунуштарына ылайык 5 билим берүү кызматкерлерине ар бирине 3 миң сомдон бардыгы 15 миң сомдук акчалай жардамдар берилди.

Аксы райБББнун башчысы Эмилбек уулу Талант, Аксы райкомунун төрагасы Камчыбеков Сагын Камчыбекович жана мугалимдер Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловко, Обкомдун төрагасы А.Исмаиловко уюштурулган акция үчүн, көрсөтүлгөн колдоолорго ыразычылык билдиришип, иштерине ийгиликтер каалашты.

Аксы райкомдун торагасы Камчыбеков Сагындын демилгеси менен ар бир айыл окмоттордон мектеп,мектепке чейинки бала бакчалардан бирден иштеген коп балалуу жана жалгыз бой аярлуу делген 23 кызматкерге 3000сомдон 69000 сом таркатылып берилди Аксы райкомдун торагасы Камчыбеков Сагын мектеп бала бакчалардын жеринде болуп бул кундор отуп кетерин эскертип ден-соолук тилеп иштерине ийгилик каалады.

Айрыкча Аксы районундагы №26 У.Турдубаев орто мектебинин кесип бирлигинин торагасы соз сүйлөп, оор күндөрдө профсоюз жетекчилери, лидерлер тарабынан аткарылып жаткан иштер мугалимдерге дем, күч-кубат берип, сабырдуулукка, биримдикке, ынтымакка чакыргандыгын белгиледи.

 

Материалды даярдаган: Аксы райкомдун бухгалтери Султамуратов Таалай.