Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жабыр тарткандарга жардам

2021-жылдын 5-майында Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, Алай райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, М.Адышев атындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору К.А.Бөкөбаев, билим берүү  бөлүмүнүн кызматкерлери Н.Жанышов, Т.Анарбаев, К.Аблазовдор жана башкалар райондун мугалимдери тарабынан чогултулган материалдык жана гуманитардык жардамдарды чек ара жаңжалынан жабыр тартышкан Баткендиктерге тапшырышты.

Алай районундагы мугалимдер, тарбиячылар жана жалпы билим берүү кызматкерлери тарабынан 1 млн. 145 миң сомдук үй-буюмдары, азык-түлүктөр топтолгон. Ошондой эле 75 миң сом акчалай жардам беришти.

Учурда атайын эсеп аркылуу бир күндүк эмгек маяналарын которуу бүтүмүнө келишити.

Кыйын учурда ушундай жакындан берген жардамдары үчүн Баткен областтык билим берүү институтунун директору, Баткен, Лейлек, жана Баткен шаардык билим  берүү бөлүмүнүн башчылары жалпы Баткен элинин атынан Алайлык билим берүү  кызматкерлерине  терең  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Алай  райКБКнын төрагасы Акылбек Куна уулу