Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Жабыр тарткан мектептердин эмгек жамаатына жардам берилди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 2021-жылдын 5-майында Баткен областынын Лейлек районунун Максат, Арка, Кулунду айылдарындагы чек ара кагылышуусунан жапа чеккен билим берүү кызматкерлерине жардам көрсөтүлдү.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен областтык профоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлеринин абалы менен таанышышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан үйлөрү өртөлгөн жана уурдалып тонолгон 32 билим берүү кызматкерлерине акчалай материалдык жардам тапшырылды.

Баткен областтык профсоюздар кеңеши жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук, Сүлүктү шаардык комитеттери Лейлек районунун “Максат” орто мектебине, “Сейтек-Максат” балдар бакчасынын эмгек жамаатына акчалай материалдык жардамдарын беришти.

Ошондой эле, алар чек ара кагылышуусунан каза болгон Лейлек районунун №4 гимназия мектебинин директорунун баласы Юлдашев Бекзаттын үй-бүлөсүнө да көңүл айтышып, материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүштү. 

 

Маалыматты даярдаган: Баткен облпроф комитенин адиси К.Акимов