Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылынын август конференциясы

     24 – август  күнү  райондук  администрациясынын  чоӊ  залында  Токтогул  райондук  билим  берүү  бөлүмү  тарабынан  уюштурулган  август  конференциясы  болуп  өттү.

     Конференция  «Мамлекеттик  билим  берүү  боюнча  мамлекеттин  саясатын ишке  ашыруу – жаны  контексттер  жана  жаны  чечимдер»  темада  өткөрүлдү.  Чогулушта  жаӊы  окуу  жылына  карата  жаны  иш  пландары, анын  багыттары  жана   даталары  каралып, иштин  аткарылышын  көзөмөл  кылуучу жооптуу адамдар дайындалды. 

     Ошондой  эле  чогулушта  үзүрлүү  эмгектенип  жакшы  көрсөткүчтөрдү  көрсөткөн  мугалимдер  унутта  калбай,  «Жылдын мыктылары»  номинациясында 10 мугалимге  билим  берүү  бөлүмү  тарабынан  ардак  грамоталар  жана  Токтогул  райондук  билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитети  тарабынан  акчалай  сыйлыктары   ыйгарылды.

Президиумдан  бир  көрүнүш

Билим  берүү  бөлүмүнүн  2016 – жылдын   август  конференциясынын

        ачылыш   салтанаты

                               Август  конференциясынын   катышуучулары 

         «Жылдын  мыктылары»  номенациясынын  ээлерин   сыйлоо  аземи

Даярдаган:                            Токтогул райондук  билим  жана  илим 

                                                  кызматкерлеринин профсоюз  комитетинин

                                                  техникалык  инспектору :                   У. Итибаев