Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Тогуз-Торолуктардын соопчулук чаралары.

Тогуз-Торолуктардын соопчулук чаралары.

     Кырыгыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан уюштурулган “Кесиптештерге жардам” акциясы ыйык рамазан айында Тогуз-Торо району тарабынан улантылды.

     Тогуз-Торо райкомунун төрагасы Ажыбаев Залкарбек Керипбаевич, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Иманбердиев Болотбек Сапарбекович жетекчилигинде “Кесиптештерге жардам” акциясы уюштурулуп, 100 билим берүү кызматкерлерине 55миң сомдук азык-түүлүк баштыктары жеринде жетекчилердин катышуусунда таратылып берилди.

    Социалдык өнөктөштөр райком менен райБББ биргеликте “Мыкты видио сабак” кароо-сынагынын жыйынтыктарын чыгарышып, жеңүүчүлөр республикалык этабына сунушталды. Кароо-сынакка катышкандар атайын сыйлыктар менен сыйланышты. Рамазан айында өткөрүлгөн иш-чараларга билим берүү кызматкерлери ыраазычылыктарын айтышып, райондук жетекчиликке жакшы тилектерин билдиришүүдө.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров.