Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Профсоюздун Борбордук комитети тарабынан И.Арабаев атындагы КМУ улук окутуучусу К.Ниязалиеванын бузулган эмгек укуктары калыбына келтирилди

2019-жылы сентябрдан И.Арабаев атындагы КМУ Япон таануу институтуна улук окутуучу болуп мөөнөттүү эмгек келишим (01.09.19-ж. 31.09.20-ж. чейин) түзүлүп иштеп жаткан. 2020-21-окуу жылынын башында иш берүүчү менен эмгек мамиледе турса дагы иш берүүчүлөр тарабынан окуу жүктөмдөрү бөлүнүп берилбей жумушсуз 4 ай жүргөн, же мөөнөттүү эмгек келишимди өз убагында КР ЭК 81-статьясынын ылайык бузуп, эмгек мамилесин токтотуп  эмгек китепчеси берилбей эмгек мыйзамдары одоно түрдө бузулган.

Профсоюздун Борбордук комитетине К.Ниязалиеванын жазган арызынын негизинде эмгек укуктары корголуп, албай жүргөн сентябрь, октябрь, ноябрь жана декабрь айлары үчүн эмгек акысы төлөнүп берилди, эмгек келишим түзүп окутуучулук жумушун улантуудан К.Ниязалиева өзү баш тартты.

Арыз ээси К.Ниязалиева КР ЭК 157-статьясына ылайык төрт ай эмгек акысын кечиктирип иш берүүчүнүн бербей жүргөн ар бир күн үчүн кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0,15% кошумча төлөөмдү өндүрүүдөн баш тартты.

К.Ниязалиева бузулган эмгек укуктары профсоюздун Борбордук комитети тарабынан толугу менен калыбына келтирилди.