Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ош областынын кесиптик бирлиги чек ара чырынан жабыркагандарга жардам көрсөтүштү

2021-жылдын 7-майында чек ара кагылышуусунда жабыркаган жана жакындары каза болгон Баткен районундагы 23 жана Баткен шаарындагы 9 билим берүү кызматкерлерине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев, ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Араван райондук комитетинин төрагасы Бакытбек Турдубаев акчалай материалдык жардамдарын тапшырышты. Ошондой эле жакындары каза болгон мугалимдердин үйлөрүнө барып куран окутушуп, көӊүл айтышты.

Ошол эле күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов жабыркаган билим берүү кызматкерлерине акчалай материалдык жардамдарын тапшырышты. Ал эми Алай, Өзгөн, Араван райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан берилген материалдык жардамдарды Баткен РайБББнын башчысы О.Мажилимов тапшырды.

Ушундай оор күндөрдө жардам көрсөтүкөндөрү үчүн  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаевге кесиптик бирлик  комитеттеринин райондук, шаардык, жогорку жана атайын окуу жайларынын комитеттерине тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен облКБКнын төрагасы З.Бөтөков.