Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

ОПК тарабынан «Азык – түлүк баштыкчасы» таркатылды.

ОПК тарабынан «Азык – түлүк баштыкчасы» таркатылды.

 

2020-жылдын 13-май күнү Өзгөн районундагы мектептерде эмгектенген турмуш-шарты оор, көп балалуу, жардамга муктаж болгон 50 билим берүү кызматкерге, Өзгөн шаарынан 20 билим берүү кызматкерине Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан «Азык-Түлүк баштыкчалары» таркатылды. «Азык-Түлүк баштыкчаларын» областтык профсоюз комитетинин төрагасы А.Тойгонбаев тапшырып, коронавирус илдетинен жалпы дүйнө эли, анын ичинде кыргыз эли тезирээк арылып кетишин тилеп, билим берүү кызматкерлерине ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.

Өзгөн районундагы билим берүү кызматкерлерине «Азык-Түлүк баштыкчаларын» уюштуруп алып келгендиги үчүн областтык профсоюз комитетине жардам алган кызматкерлердин атынан Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси У.Кенеев, Өзгөн шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы З.Азнабакиева өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Өзгөн РПКнын

инспектору: А. Бөлөкбаев.