Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Окуучунун кол жазмасы - мугалимдин жүзү

         Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук  комитети тарабынан райондук башталгыч класстардын арасында “Мыкты кол жазма” кароо сынагы уюштурулуп, 66 мектептин ичинен  окуучуларынын кол жазмасы мыкты болгон 20 мугалимге комитет тарабынан ырзазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, жетекчилик тарабынан куттуктоо сөздөрү, кол жазманын мыктылыгы балдардын жан дүйнөсүнө, жүрүш-турушуна таасир берээри, окуучунун кол жазмасы - мугалимдин жүзү экендиги  адистер, усулчулар тарабынан айтылды. 

         Мугалимдерди шыктандыруу максатында ушул сыяктуу  иш чаралардын уюштуруп, өткөрүлүп туруусу сунушталып,  профсоюз комитетине терең ыраазычылыктар билдирилди.