Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Мугалимдерге жардам берилди

Базар-Коргон районундагы жардамга муктаж болгон Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Атап айтсак, №41 Жусубал уулу Жолдош атындагы орто мектебинин директору Б.Жусупов бутунан жаракат алган, №10 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин мугалими Н.Ташкенбаева колунан операция болуп, азыркы учурда дарыланып жатышкан кези.

Жогорудагы мугалимдер дарылануу үчүн материалдык жактан каражатка муктаж болуп жаткандыктан кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетине кайрылышкан. Мүчөлөрүбүздүн ден соолуктарын сурап, жардам берүү максатында кесиптик бирликтин райондук комитети колдоо иш-чарасын уюштурду. Иш-чарага райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев, райондук комитеттин адиси К.Асыранкулов, мектептин баштапкы кесиптик бирлигинин төрайымы Н.Шерматова, А.Абсатаров катышышты.

Райондук комитеттин төрагасы С.Жаркынбаев, кесиптик бирлик мүчөлөрүбүзгө ден соолук каалап, материалдык жардамдарды тапшырды.

Б.Жусупов жана Н.Ташкенбаева колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирликтин иштерине жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалады. 

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов