Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кесиптик бирликтин атынан жардам бирилди

№30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназиянын кызматкери Оморова Адинахон мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгон. Маркумдун кесиптештери анын үй-бүлөсүнө  жардам берүү өтүнүчү менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине кайрылган. Кесиптик бирликтин райондук комитети жардам берүү максатында колдоо иш-чарасын уюштурду. Ага райондук комитеттин  төрагасы  С.Жаркымбаев, райондук комитеттин адиси К.Асыранкулов, №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназиянын директору П.Кахаров жана башкалар катышышты.

Райондук комитеттин төрагасы С.Жаркымбаев маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, материалдык жардам тапшырды. Маркумдун уулу берилген жардам үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов