Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кесиптешибизге колдоо көрсөтүлдү

Кесиптешибиз, баштапкы кесиптик уюмдун  төрагасы Мурза-Акимов Муратбек ооруп жаткан. Кесиптешибиздин ден-соолугун сурап, колдоо максатында 2021-жылдын 26-мартында колдоо иш-чарасы уюштурулду.

Райкомдун  төрагасы  С.Жаркынбаев кесиптешибиз М.Мурза-Акимовго ден-соолук каалап, жакшы болуп кетишин жана жакшы тилектерди айтып өттү. Ошондой эле, профсоюз комитети мүчөлөрүнүн эмгектерин баалап, колдоп келерин билдирип, Кыргыз Республикасынын  Билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Билим, илим профсоюзунун отличниги”  төш  белгисин жана Жалал-Абад облустук  комитетинин атынан материалдык жардамды тапшырды.

Кесиптешибиз М.Мурза-Акимов колдоолор үчүн ыраазычылыгын билдирип, проофсоюздук жетекчилердин иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Материалды даярдаган: К.Асыранкулов