Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кемин районунун Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин физкультура мугалими К.Бердибаевдин укугун калыбына келтирилди.

Аталган мектептин физкультура мугалими К.Бердибаев Борбордук комитетке мыйзамсыз эмгек келишим түзүлүп, жумуштан бошотуп койгондугун билдирип, укугун коргоп берүүнү сурап, арыз менен кайрылган. Арызды жерине барып териштирип, эмгек келишимдин түзүлүшү, жумушка кабыл алуу буйруктарын караганда одоно мыйзам бузуулар аныкталган, натыйжада мугалим К.Бердибаев менен мектеп директору А.Касаналиева “мөөнөтүү эмгек келишимди 01.09.17-жылга чейин” деп түзүшкөн, бирок эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндө 2018-2019-жылдарга мөөнөтүү эмгек келишимди узартуу же токтотуу боюнча буйрук чыккан эмес, андан кийин 01.09.20-жылы №7 буйругу менен КР ЭК 81-статьясы менен эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу деп,  мыйзамсыз  бошоткон. КР ЭК 55-статьянын 4-бөлүгүндө айтылгандай “Мөөнөтүү эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин бузууну же узартууну иш берүүчү талап кылбаса, ал эми кызматкер эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы иштеп жатса, эмгек келишим “аныкталбаган мөөнөткө” түзүлдү деп эсептелинет. Мектеп директору А.Касаналиеванын  К.Бердибаевди КР ЭК 81-статьясы менен бошоткон буйрук текшерүүдө мыйзамсыз деп аныкталып, буйрук жокко чыгарылды жана К.Бердибаев мурдакы кызмат ордуна коюлду.

 

    Башкы укук жана техникалык

    эмгек инспектору:                                                                Б.Кадыркулов