Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

“Карысы бардын, ырысы бар”

Билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитети  “ Карыяларды  кадырлоо” айлыгынын  алкагында  2020-жылдын  21-октябры  күнү  райондогу   36 карыя ардагер  билим  берүү  кызматкерлери үчүн  даярдалган  белектерин Илим, билип кесип бирлигинин  Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жеринде тапшырды. Акциянын    жүрүшүндө  жакшы каалоо,  тилектерин  айтылып,  Борбордук  Комитетин  төрагасы А.Токтогуловко,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  ыраазычылыктарын билдиришип иштерине ийгилик каалашып баталарын беришти.

Маалымат берген Султамуратов Таалай.

Обком тарабынан берилген биздин сыйлуу ардагер мугалимдерге берилген жардам Базар Коргондо уланып жатат.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  Жалал-Абад областтык профсоюз комитети тарабынан өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу шаардык, райондук проф. мучөлөрүнө маска, антисептик жана 1-октярь карыялар күнү айлыгынын алкагында иштеп жаткан ардагер карыяларга продукта пакеттерди беришти. Жогоруда Көк-Жангак шаардык профсоюз комитети обкомдон алган  жардамдарды баштапкы проф.комитеттери менен биргеликте  айрым  ардагерлердин үйлөрүнө жеткирип, таркатылып берилди.