Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

"Карыяларды кадырлоо"

Кара-Көл шаарынын билим берүү бөлүмүндө "Карыяларды кадырлоо" акциясы жүрүп жатат. "Карыяларды кадырлоо" айлыгынын алкагында  арабызда иштеп жаткан ардагерлерди сыйлоо, урматтоо, көңүл буруу иштери аткарылып жатат. Шаарыбызга караштуу билим берүү мекемелеринде 48 ардагер-билим берүү кызматкерлери иштешет. Аралыктан окутуу мезгилинде активдүүлүгүн көрсөтүп, видеосабактарды даярдаган 11 ардагерге белек берилди. 60, 65, 70 жашка толгон 8 юбиляр ардагерлерибизге да шаардык профсоюздук комитеттин атынан куттуктоо папкалары жана белектер ыйгарылды.  Ал эми Жалал- Абад облусттук профсоюздук комитеттин атынан 6 ардагерге белектер ыйгарылды. Бул "Карыяларды кадырлоо" акциясы улантылымакчы, үйүндө ардактуу эс алуудагы ардагерлерди сыйлоо дагы пландалып жатат.