Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Кадамжай районунда селден жабыркагандарга материалдык жардамдар берилди

       2016-жылдын 10-июнь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети  жана Кадамжай райондук комитети тарабынан 2016-жылдын 27-майында Кадамжай районундагы  Охна, Жийделик айылдарында  селден жабыркаган  22 билим берүү кызматкерлерине акчалай материалдык жардамдар берилди.

         Бул иш чарага  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошев жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышышты.

Областтык комитеттин уюштуруу

иштери боюнча адис                                                         К.Акимов