Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата колдоо

Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата колдоо

    “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Баткен районунун Самаркандек айылындагы “Үмүт-Самаркандек” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атайын адистештирилген балдар бакчасынын тарбиялануучу балдарын майрамдары менен куттуктоо үчүн райондук комитет 5 000 (беш миң) сом каражат бөлгөн. Ага балдар бакчасы үчүн керектүү болгон буюм сатылып алынып, балдар бакчасына жеткирилип берилди.

    Балдарды куттуктоо үчүн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов, айыл өкмөтүнүн башчысынын Ш.Гапаровдор катышышып, балдарга каалоо тилектерин айтышып, алып барган белектерин берип кайтышты.

    Өлкөбүздөгү санитардык-эпидемиологиялык абал жөнгө салынса, райондук комитет “Профсоюз - балдарга акция” деген темадагы чоң масштабдагы иш чараны балдар менен биргеликте өткөрмөкчү.

Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                                                                           Б.Абдыразакова