Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ден соолук өмүр булагы

Аксы районундагы Т.Үметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин кесип бирлик комитетинин мүчөсү, мектеп директору У.Атаканов ден соолугуна байланыштуу өз арызынын негизинде 2020-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарындагы курортто профсоюз тарабынан берилген жолдомо менен эс алып да, дарыланып да келди. У.Атаканов мектепте көп алгылыктуу иштерди жүргүзүп, мугалимдердин иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүп келет. Мектептин оӊдоо-түзөө иштери да алдыга коюлуп аткарылып келет.Мектеп директорунун жолдомо менен барып эс алуусун коллектив бирдиктүү колдоп беришти. Райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Камчыбековго ыраазычылык билдиребиз.

Маалымат берген кесип бирлик төрайымы Н.Сейдилова