Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Даректүү жардам көрсөтүлдү

2021-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жана Жаштык айылдарына болгон иш сапарынын алкагында Максат орто мектебинин жана Сейтек-Максат балдар бакчасынын эмгек жамааттары менен жолугушуп, чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине материалдык акчалай жардам көрсөттү.

 

Бул сапардын жүрүшүндө Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен областтук кесиптик бирлик кеңешинин төрагасы А.Казаков, Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин бухгалтери Ш.Эсеновалар, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Жемуратов, Лейлек райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Бердиев, Сүлүктү шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Кудаяров коштоп жүрүштү. Аны менен бирге Борбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулов кесиптик бирликтердин жана жалпы мугалимдердин атынан жабыркагандарга көңүл айтып, колдоп, жылуу сөздөрүн айтып, дем-күч берип, мындан ары жалаң жакшылыктар болуп, эки элдин ортосунда ынтымак болуусуна чакырды. Максат орто мектебинин жааматтын атынан Ш.Абдурахимов жана Сейтек-Максат балдар бакчасынын атынан Г.Халилова сөз сүйлөп, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине көрсөтүлгөн материалдык жардамы үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Андан соң, материалдык жарлам көрсөтүү үчүн Жаштык айылындагы №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясына барып, ал жердеги мектептин жааматы менен жолугушуп, билим берүү кызматкерлери менен жылуу маанайда пикир алмашып материалдык акчалай жардамын берди. Ошондой эле, мектеп-гимназиянын директору Гапыр Мадаминов менен баарлашып, билим берүү тармагында кандай иш аракеттер жасалып жаткандыгы, кесиптик бирликтер берип жаткан жардам тууралуу кеңири сөз кылышты. Эмгек жааматы Борбордук комитеттин төрагасына, деги эле билим берүү тармагындагы кесиптик бирликке ыраазычылыктарын билдирип, жакшы маанайда калышты.

 

Максат жана Жаштык айылдарында жабыр тарткан жалпы 69 билим берүү кызматкерине 582 000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.     

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети