Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Борбордук комитеттин жардамы өз дарегине жеткирилди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун 2021-жылдын 17-18-майында Баткен областынын чек ара кагылышуусунан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине жардам берүү үчүн иш сапары менен Лейлек районунун Максат айылына келип жардам көрсөтүп чек арадагы кесиптик бирлик мүчөлөрү менен жолугуп, дем берип, колдоп кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө Баткен районунун Ак-Сай айылынын Б.Ходжаев атындагы орто мектеби жана Достук айылындагы Достук орто мектебинин эмгек жамааты менен жеринде барып жолугушуу, материалдык жардам берүү пландалып, бирок 2021-жылдын 18-майындагы Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан кырдаал күчөп, барууга кооптуу болгондуктан төрага А.Токтогулов шартка байланыштуу баралбай, акчалай жардам тапшыруу кийинкиге калтырылган эле.

24-май күнү Ак-Сай айылынын Б.Ходжаев атындагы орто мектеби, “Эдельвейс”, “Жакшылык” балдар бакчаларынын жана Орто-Боз айылынын Ж.Момунов атындагы орто мектебинин, “Балажан” балдар бакчасынын, ал эми 25-май күнү Достук айылындагы Достук орто мектебинин жана “Бөбөктай” балдар бакчасынын эмгек жамаатына жана жапа чеккен билим берүү кызматкерлерине Борбордук комитеттин акчалай материалдык жардамдарын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков жана Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитовдор жерине барып тапшырышты.

Берилген материалдык жардам үчүн Борбордук комитетке жана кесиптик бирликтерге ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен облКБКнын адиси К.Акимов