Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Бишкек шаарынын №38 мектеп-гимназиянын мугалими Абдыбекова Мээркүлдүн КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине төмөндөгүдөй суроо менен кайрылган.

Бишкек шаарынын №38 мектеп-гимназиянын мугалими Абдыбекова Мээркүлдүн КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине төмөндөгүдөй суроо менен кайрылган.

Суроо: Менин 28-марттан 7-апрелге чейин чыккан убактылуу оорулуу баракчага төлөнүүчү пособьеден бардык налогдордун кармалгандыгын айтып, иш жүзүндө соц. фонд жана подоходный налогдордун кармалышы кайсы мыйзамга негизделген, деп кайрылган.

Бул суроого мыйзамдуу жооп берүүнү Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов жеке озу көзөмөлгө алып, аткарууну Борбордук комитеттин юристи Б.Кадыркуловго тапшырган. Суроого жооп берүү учүн Свердлов райондук билим берүү борборунун №38 мектепгимназиясын тейлеген бухгалтерин Абдыбекова Мээркүлдүн оорулуу баракчасына тиешелүү иш кагаздары менен келүүнү жана профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин юристи Арунов Тимурлар Борбордук комитетке чакырылып, из кагаздары кылдаттык менен каралып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды. М.Абдыбекованын 28-марттан берилген оорулуу баракчасы боюнча пособьеси толук төлөнгөндүгү, ал пособьеден эч кандай кармалуулар болбогондугу аныкталды, экинчиден март, апрель айлары үчүн №38 мектепгимназиясынын администрациясы табелге Абдыбекова Мээркүлгө ооруган күндөрду сабак өттү деп табелге жазып өткөрүлгөн, натыйжада оорулуу баракчасы боюнча прособье дагы төлөнүп, март, апрель айында ооруган күндөрүнө айлыгы да төлөнүп, эки тараптан тең акы төлөнүп калган, анын себебин оорулуу баракчасы 24-апрелде кеч тапшырылгандыгын Свердлов билим берүү борборунун бухгалтериясы билдирүүдө. Анда эмне үчүн мектеп администрациясы март, апрель айларынын табелине өтүлбөгөн сааттар үчүн М.Абдыбековага эмгек акы төлөнгөн деген суроо жаралат.

Свердлов райондук билим берүү борбору №38 мектеп-гимназиясынын кетирген кемчилдигин билип, май айынын эмгек акысынан М.Абдыбековага март, апрель айларында ооруп жаткан күндөрүнө төлөнгөн эмгек акысы гана кармалгандыгы аныкталды. Жыйынтыгында М.Абдыбекованын берген суроосуна толук түшүндүрмө берилди.

Суроого жооп берген:              Б.Кадыркулов