Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук билим берүү борборуна юридикалык жардам берилди

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине Биринчи май райондук Билим берүү борбору кайрылып, кайрылууда билим берүү борбору укук иштери боюнча башкы  адистин  билим берүү борборунун 04.09.17-жылы  №57 буйругуна ылайык үч айлык сыноо мөөнөтү  менен аныкталбаган мөөнөткө жумушка ошол кездеги директор А.Исмаилов тарабынан кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал адис өзүнүн ордунда туруктуу иштеп жаткандыгына карабастан билим берүү борбору ал орунга конкурс жарыялап, конкурста жеңүүчүлөрдү аныктаган, ал эми  ошол адис конкурска катышкан эмес, натыйжада конкурс ваканттык эмес эле орунга өткөрүлүп, азыркы учурда конкурстун жеңүүчүсүнүн кызмат абалын чечүүнүн мыйзамдуулугу аныкталбай кайрылууга мажбур болушкан.

Билим берүү борборунун директору А.Омүркулов  укук иштери боюнча  башкы адис Т.Мамытовду  кызматка  конкурстан өткөрбөй  туруп кызматка  мыйзам бузуу менен  дайындаган, экинчиден эгерде убагында конкурс өткөрүлбөй туруп кабыл алынган болсо учурда  «конкурс өткөрүлгөнгө чейин» деп  эмгек мамилени «аныкталган мөөнөткө» эмгек келишим түзүлгөн болсо мыйзамдуу болмок.

Бүгүнкү күндө башкы адис Т.Мамытовду конкурстан өтпөй жаткандыгына байланыштуу иш берүүчүнүн демилгеси менен кызматтан бошотууга КР ЭК жана КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда мындай норма берилген эмес, б.а. бошотууга эч кандай  негиз жок экендиги боюнча жардам берилди.

 

Укук иштери боюнча башкы инспектор

Б.М.Кадыркулов