Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчилерине ыраазычылык.

Бул жыл адамзаттын тарыхында  оор  жыл катары тарыхта калды. Пандемия учурунда көптөгөн жоготуулар болду.

Кыргыз  Республикасынын  билим  жана  илим  кызматкерлеринин Борбордук  Комитетинин   төрагасы   Асылбек  Токтогуловичтин  демилгеси  менен билим  берүү  тармагындагы эмгектенген  профсоюз  мүчөлөрүнө  камкордуктар көрүлүп  жатат.

Атап айтсак карантин учурунда аз камсыз болгон билим берүү кызматкерлерине материалдык жардамдар берилип турду.

         Ал демилгени утурлай  2020-жылдын  23-сентябрь  күнү Жалал-Абад обкому жана Ноокен райкому тарабынан акча каражаты бөлүнүп, пандемия учурунда ооруп каза болгон кесиптешибиздин үй бүлөсүнө  материалдык  жардамдар  берилди.

         Өткөрүлгөн  иш-чараларга  Ноокен райондук билим  берүү  бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Ноокен райкомунун президиум мүчөсү        З.К. Усенов, адис У. Шамаматовалар катышышты.  

        Кесиптешибиз Р.Сатарованын үй бүлөсүнүн өкүлдөрү профсоюздун   Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловго жана облустук комитетинин төрагасы А. Исмаиловго ыраазычылыктарын билдиришти.

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров